109 Категория: Общество - Published: 14/04 - 13:58

Ошто жети жаштагы кыз зордукталганы тууралуу социалдык тармактарга маалымат таратылган.

Анда зордуктоого шектелген бала 11-класстын окуучусу экени жана ал экинчи жолу ушундай жолго барганы тууралуу айтылат.

Бирок шаардык милиция мындай факт катталган эместигин билдирет.

“Ош шаарында жети жашар кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалымат катталган эмес.  Туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салбагыла! Эгер бул кылмыштын болгону тууралуу маалыматка ээ болсоӊуздар, суранабыз, биз менен кызматташыӊыздар. Жалпылабай, тергебей маалымат бериӊиздер!”,- деп айтышат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстанда педофилдикке каршы аракеттер катуу жүргөнү менен токтобой койду.

Буга чейин Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, кылмышка шектүү жаран өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Башкы прокуратуранын 2020-жылдагы маалыматы боюнча жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Теги: