• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
37 Категория: Общество - Published: 03/04 - 12:45

Пекин Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулман кыздарын Кытай жарандарына турмушка чыгууга мажбурлап жатат.

Бул тууралуу Түркиядагы Уйгур академиясынын аткаруучу кеңешинин төрагасы, доктор Абдул Хамид Карахан "Чыгыш Түркстанда эмне болуп жатат?" деген темадагы виртуалдык конференциянын алкагында билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
“Пекин Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулман кыздарын Кытай жарандарына турмушка чыгууга мажбурлап жатат. Алар уйгурлардын үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүү менен, кыздарын кытайларга турмушка чыгууга мажбур кылышууда. Уйгур кыздары жана алардын үй-бүлөлөрү мындай мажбурлап никеге турууга нааразычылыктарын дагы билдире алышпайт”, - деди Доктор Абдул Хамид Карахан.
Түрк уйгур мусулмандарына карата зулумдук уланып жаткандыгына токтлуп: “Бул аймакта адам укуктары абдан бузулулуп жатканына күбө болуп жатабыз. Уйгур түрктөрүнө маданияты, каада-салты жана ишеними боюнча жашоого тыюу салынган. Пекин уйгурлардын баарын жок кылууга аракет кылып жатат. Ал тургай бузулган салттуу түрк үйлөрүнүн ордуна Кытай тибиндеги үйлөр курулуп жатат”, - деди.
“Кытайдан өз маданиятын коргоп, өз динин жана улутун сүйгөндөрдү басуу үчүн бардык жерде полиция жана армия күчтөрү колдонулат”, - деп баса белгиледи доктор Абдул Хамид Карахан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети