11 Категория: Общество - Published: 02/04 - 18:00

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын кезектеги жыйынында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин курулуш, жол жана инфратүзүмдү жакшыртуу багытында 2020-жылы жасаган иштери талкууга алынып, 2021-жылы мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду.

Талкуу маалында депутат Шералы Абдылдаев жыл сайын жолду оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн 600 млн сомдук каражат жетишсиз экенин белгилеп: "Жолдор толук оңдолбойт, бөлүнгөн акча жөн гана жол чарба департаменттерин каржылоого кетет. Андыктан бул жаатта муктаждыкка жараша каражат бөлүү маселесин кайрадан карап чыгуу зарыл", - деди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми депутат Бурун Аманова буга чейинки жыйындарда айтылган жооптор эле берилип жатканын белгилеп, учак билеттеринин наркын азайтуу жана жол тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында тиешелүү жумуштар жасалбай жатканын сынга алды.

Жарандык авиация агенттигинин өкүлү бул багытта Россияга сегиз жолу кат жазылганын белгилеп: "Биз жок дегенде бир жумада эки тарапка жетиден, 14 каттам ачууну сунуштап жатабыз. Азыркы тапта эки жакка үчтөн гана алты каттам аткарылууда", - деди.

Өз кезегинде "Кат менен гана чектелип, алгылыктуу чара көрбөй жатасыңар. Турмушта чечилбей турган маселе болбойт. Жөн гана аракеттин жоктугунан билеттин наркы төмөндөбөй келет. Мындан карапайым калк гана жабыркоодо", - деди Бурун Аманова.

Ошондой эле Абдимуктар Маматов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу көп жылдан бери эле мерчемделип келе жатканына токтолуп: "Ушул аралыкта Казакстан эки каттамга темир жолун куруп койду. Андыктан, аталган долбоор ишке ашабы?" - деген суроо койду.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Талант Солтобаев тоо-таш, татаал жолдор аркылуу өтчү колеянын жазылыгы сыяктуу бир катар талаштуу жагдайлар бар экенин жүйө келтирди.

Жалпысынан жыйында жолдордун абалына, социалдык объектилердин курулушуна байланышкан көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү сунуштары айтылды.

 

Теги: