• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
80 Категория: Общество - Published: 19/03 - 11:19

19-мартка караган түнкү саат 3төр чамасында Өзгөн шаарында 3 адамды атып кетишти.

Үчүнчү адамга ок чыгарылган менен тилекке жараша ага ок тийген эмес. Аны машинанын айдоочулук орунда отурган адам тосуп калган. Алар райондук ооруканага жеткирилгенде ок жеген эки адам каза болуп калганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

“Өзгөн шаарынын 3 тургуну “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү жеңил автоунаада токтоп турган жеринде, белгисиз автоунаа менен келгендер белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен үчөөнө ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкен. Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, тийиштүү иш алынып барылууда”,-деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, маркумдар буга чейин соода-сатык менен алектенгени белгилүү болгон. Бул кылмыш – алардын ошол иштерине байланышкан өз ара талаштуу маселелери болушу мүмкүн деген божомолдун айланасында жумуш алып барылып жатат.

Учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдү кармоо үчүн болгон күч аракет жумшалат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети