22 Категория: Общество - Published: 16/02 - 13:05

COVID-19 менен ооруп, айыккандар дагы эмдөөдөн өтүшү керек.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун илимий эксперти Сумия Сваминатан билдирүү жасаганын «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун YouTube каналына берген маегинде: "Ооруп же оорубаганыңызга карабастан эмдөөдөн өтүүнү сунуштайбыз", - деди.
Эксперт ооруга чалдыккан адамдардын көпчүлүгү вируска каршы иммунитетке ээ болушарын, бирок, айрымдарында анчалык деле күчтүү болбосун баса белгиледи.
Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кандай болсо дагы эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.
Сумия Сваминатан “Жакшы жагы - иммундук система бир эле антигенди жана белокту тааныйт", - деди. Демек, адам коронавирус менен ооруган болсо, вакцина иммундук системаны көтөрөт. Ошондой эле, ал учурда чоң адамдар гана эмдөөдөн өтө алаарын баса белгиледи.

Теги: