БИШКЕК, 22-март. — Eurasia Today. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыркаган жарандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.
Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жанан ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жыйында “Оптима”, “МБАНК” (“Кыргызстан Коммерциялык банкы”), “Компаньон”, “Бай-Түшүм Банкы”, “Капитал плюс”, “UCH Сredit” жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөп, күрөөгө коюлган турай жайларынан ажыраган жарандар арыз-муңун айтышты.
Эл өкүлү бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечип берүүгө бардык күч-аракетин жумшарын убадалады.
Валюта курсу
Аба ырайы