БИШКЕК, 20-март. — Eurasia Today. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө 40 миллион сомдук айыл чарба жери мамлекетке акыры кайтарылды.
Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча Нариман айыл өкмөтүндө тыкыр текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө айыл чарба багытындагы 0,70 гектар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталып, жыйынтыгында жер тилкесине болгон укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилди.
Ошентип, соттук кароонун жыйынтыгында жер тилкесине жеке менчик укукту тастыктаган иш кагаздар жокко чыгарылып, прокурордун талап кылуусунун негизинде 40 миллион 250 миң сомдук 0,70 гектар жер тилкеси Нариман айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.
Валюта курсу
Аба ырайы