• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
468 Категория: Общество - Published: 17/03 - 11:07

БИШКЕК, 17-март. — Eurasia Today. Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 21 жыл болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баш болгон бир катар мамлекет башчылар бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл коюшту.

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

"Бул окуя өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгон. Ал Кыргызстан тарыхынын саясий өнүгүүсүндө коомдук аң-сезимди өзгөртүү менен жалпы өлкөдөгү саясий трансформациянын өзгөрүшүнө, башкача кадам таштоосуна алып келди. Аксы окуясы экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрттү. "Элдин күчү – сел" дегени чын белем, мамлекет үчүн кайдыгер карабаган, тайманбас жүрөктөрдү ойготту. Ошентип тарыхтын жүрүшүн өзгөртүп, өзгөчө окуя катары элдин эсинде калды. Аксы окуясы менен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы барагын ачты", — деди президент  Жапаров эскерүү учурунда сүйлөгөн сөзүндө .

Ошондой эле Президент бул күн миң жылдап убакыт өтсө да эскерилип турарын, көптөр бул окуядан сабак аларын белгиледи.

"Аксы окуясы ошол учурдагы эки тараптын жүзүн ачкан: бийликтегилер өлкөнү башкаруудагы манипуляциялык иш-аракеттерди жасаса, оппозиция элдин, коомчулуктун күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу тактикасына өткөн. Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык", — деген ал.

Тарыхчылар дагы бул окуяга далай жолу ар түрдүү өңүттөн карап, өз бааларын беришери, бир гана нерсе – Аксы окуясы мамлекеттин тарыхында, өлкөнүн өнүгүүсүндө өчпөс из калтырганы өзгөрүүсүз калары айтылды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылы 17-мартта жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыккан. Алар камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын коюшкан. Демонстранттарды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы уюштурулган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети