• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
359 Категория: Общество - Published: 16/03 - 17:01

БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Ош шаары жана Ош областы боюнча ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу каналдарын токтотуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө гашиш тараткан жарандарды аныкташты.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Кара - Суу районунун 24 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.С. баңги аткезчилеринин инсандары аныкталды. Ыкчам кызматкерлер 1 кг.435 грамм салмактагы «гашиш» (чарс) баңги каражатын сатууда шектүүлөрдү кармашкан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. 
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Т.Ф. жана А.С. кармалгандар Жалал-Абад ш. ИИБнын УКЖга киргизилди.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча БМЖККК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети