• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
197 Категория: Общество - Published: 16/03 - 09:43

БИШКЕК, 15-март. — Eurasia Today. Кечээ, 15-мартта, Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү.

Ага шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Назира Жакыпова, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери жана шаар тургундары катышты.

Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тарабынан жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды.

Кыргызстанда социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 100 миң сомдон гранттык акча каражаты берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жакыр жашаган 68 үй-бүлөгө берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети