• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
197 Категория: Общество - Published: 15/03 - 17:59

БИШКЕК, 15-март. — Eurasia Today. "Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы" (3-фаза) долбоорунун алкагында КЭРдин грантынын эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда.

Ошентип, планда:

• Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
• Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;
• Л. Толстой көчөсү - Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;
• Анкара - 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.

Учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.


 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети