• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1493 Категория: Общество - Published: 14/03 - 13:16

БИШКЕК, 14-март. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги ресторандардын бириндеги мушташ боюнча үн катты.

Эл өкүлү учурда укук коргоо органдары менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин соцтармактагы баракчасына жазды.

“Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын”, - деп жазды Абиров.

Эске салсак,  12-мартка караган түнкү саат 3төр чамасында Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан беш жылдыздуу "Золотой Дракон" мейманканасынын алдында бир нече адамдын катышуусунда мушташ орун алган.  Анда эки киши жабыркап, алардын бири ооруканага түшкөнү маалым болгон. Жабырлануучуга "мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Интернет колдонуучулары соцтармактарда тараган видеодон мушташкандардын бири ЖК депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазышып, видео кызуу талкууга түштү.

Депутат Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалды.

Белгиле кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети