• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
758 Категория: Общество - Published: 13/03 - 15:51

БИШКЕК, 13-март. — Eurasia Today. Түркиянын Кахраманмараш шаарынын жашоочулары Кыргызстанга, кыргыз элине жана куткаруучуларга чексиз ыраазы экендигин билдиришүүдө.

Бул тууралуу учурда аталган аймакта кайрымдуулук акциясын жүргүзүп, зилзаладан жабыркаган элге өз колу менен палоо (аш) жасап берип жүргөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев билдирди.

"Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чекен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик.

Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бу шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат. Биздин жигиттер Кахраманмарашта каармандыкты көрсөттү. 120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген.

Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө буердин штабында илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бу тууралуу сураганыбызда “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди…Сиздерге ыраазыбыз! ” деп жооп берди.

Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт… Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен!” деп, текши ооздон айтты…

Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик.

Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез,губернатор Хайдар Мете менен бирге эл менен жолуктук.

Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш (плов ) жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот…",- деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасында.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети