БИШКЕК, 11-март. — Eurasia Today. Союз мезгилинде курулган бетон-каркас үйлөр 100-150 жылга туруштук берет. Ал эми алардын жер титирөөгө туруктуулугу 9 балл болуп саналат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков 10-мартта "Парламент" радиосуна курган маегинде билдигенин Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Анын айтымында, союз мезгилинде курулган көп кабаттуу бетон-каркас үйлөрдүн колдонууга жарамдуу мөөнөтү 100, ал эми бетон- блоктордон тургузулган үйлөрдүкү 125 жылга жетет деген эсеп менен салынган. Сейсмикалык жактан туруктуулугу да 9 баллга туруштук берет деп аныкталган.
Ал азыркы курулуштардын деле табигый татаалдыктарга чыдамдуулугу андан кем болбоосу керек экенин. аны аныктоо боюнча парламентте жумушчу комиссия иш алып барып жатканын билдирди.
"Аткаруу бийлиги менен биргеликте иштер жүрүп жатат. Курулуш тармагы жана сейсмология чөйрөсүндөгү ведомстволор менен биргеликте талкууларды өткөрдүк. Министрлер Кабинетинин жетекчилиги да бул жагдайды өз көзөмөлүнө алып, турак жайлардын зилзалага туруктуулугун текшерүү иштерин ар квартал сайын жүргүзө тургандыгын маалымдашууда. Ошондой эле шаардын архитектуралык көркөмдүгү үчүн да радикалдуу иштерге барышыбыз керек, - деп билдирди депутат.
Анын айтымында, жеке сектордогу турак-жайлардын да жоопкерчилигин ошол үйлөрдүн ээлери өз моюндарына алгандыктан, адегенде долбоорлоо иштерине көңүл бурулушу зарыл. Андан тышкары, мисалы контейнер сыяктуу конструкциялардан үйлөрдү курууга болбойт. Анткени, ал стандарттарга дал келбейт.
"Туура эмес курулуштардын айынан экологияга гана эмес, башка чөйрөдө да баш-аламандыктар жаралып калып жатат. Айталы, кээ бир жеке үйлөр туура долбоорлонбогондуктан жол жээктерине да чыгып калган учурлар бар. Кыскасы, курулуш тармагы комплекстүү жоопкерчиликти талап кылат", - деп кошумчалады Сыдыков.
Валюта курсу
Аба ырайы