БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Чикагодо Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга жол бербөө үчүн алдын алуу механизмин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
2023-жылдын 9-мартында Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев менен Иллинойс штатынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Нетти Ласко айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Иллинойс штатынын башкы прокуратурасынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү адвокаттардын жана юристтердин катышуусу менен АКШнын аймагында жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, миграция жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери боюнча акысыз семинарларды уюштуруу макулдашылды.
Иллинойс штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын эске алуу менен мындай семинарларды ар 3 ай сайын уюштуруу келишимине жетишилди.
Бул кыргыз тараптын демилгеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграция жана мыйзамдуу ишке орношуу маселелери боюнча маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууга, кыргызстандыктардын мыйзамдарды билбегендигинен улам жергиликтүү мыйзамдарды бузуусунун алдын алууга, ошондой эле АКШнын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мүмкүн болуучу бузууларды болтурбоо үчүн туруктуу алдын алуучу механизми болуп калууга мүмкүндүк берет.
Валюта курсу
Аба ырайы