БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Эми жүргүнчүлөр Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жол транспорту менен да барып-келе алышат.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" ишканасы билдирди.
"УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР
2023 жылдын 8-мартынан тартып шаршемби жана жекшемби күндөрү саат 16:00дө Батыш автовокзалынын Бишкек-Кашкар (Кыргызстан - Кытай) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө.
Билеттин баасы - 7431 (85$)",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү жагдай, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы эки жылга жакын жабылып, жакында гана ачылган жана авиакаттамга гана уруксат берилген. Ал эми Бишкек-Үрүмчү (Кытай) багытына бир тараптуу учуунун баасы 71 миң сомдон жогору болгондуктан, көпчүлүк жарандар үчүн Кытайга баруу кыйынчылык жаратып жаткан.
Валюта курсу
Аба ырайы