• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
304 Категория: Общество - Published: 10/03 - 10:49

БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Кыргызстандык адамды өзбек жарандары уурдап кетип, 5 ай кармашкан жана 50 миң доллар талап кылышкан.

КРнын УКМК жана Өзбекстан Республикасынын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу КРнын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагынан кармалып, Өзбекстан Республикасынын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны КР УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкендиги туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.

Такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети