БИШКЕК, 9-март. — Eurasia Today. Борбор калаанын Свердлов районунда башаламан сооданы жоюу боюнча рейддер жүрүүдө.
Свердлов районунун адистери, райондук салык кызматынын, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана МАБдар менен биргеликте райондун ири базарларында жана борбордук көчөлөрүндө башаламан сооданы жоюу боюнча рейддерди жүргүзүүдө:
- Ак -Эмир (Москва, Шопоков, Бөкөнбаев, Үсөнбаев көчөлөрү);
- "Аламүдүн" (Курманжан Датка көч., Жибек Жолу пр.);
- «Чынар» (Салиев көч., Ауэзов, «Аламүдүн-1» кичи району);
- «Улар» (Чүй пр., «Чыгыш-5» кичирайону);
- ЦУМ (Чүй пр., Абдрахманов көч., Шопоков көч.).
Жыйынтыгында 2 сатуучу (суу газдоочу аппарат), 27 башаламан соода точкалары жана 89 мыйзамсыз көрнөк-жарнактар алынды.
Мындан тышкары "Укук бузуулар" Кодексинин 179 жана 434-беренелери менен 150 000 сомго 50 протокол түзүлдү.
Валюта курсу
Аба ырайы