• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
328 Категория: Общество - Published: 09/03 - 14:07

БИШКЕК, 9-март. — Eurasia Today. Баткенде электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 7-март күнү Кыргызстандын С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

"Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети