• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
355 Категория: Общество - Published: 26/01 - 18:16

БИШКЕК, 26-январь. — Eurasia Today. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаага жетекчи болуп дайындалгандан бери алгачкы жолу эл менен жолугуша баштады.

Ал алгач “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө МАБдын жашоочулары тарабынан суроолор жана кайрылуулар айтылып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын беришти. Тактап айтканда, жолдорду оңдоо жана сел өткөрүүчү арыктарды орнотуу, электр мамыларын орнотуу, айрым четки аймактарды таза суу менен камсыздоо, бир катар көчөлөрдү бойлото газ түтүгүн тартуу, мектептерди куруу, коомдук транспортко байланышкан суроолор берилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык жолдор башкармалыгынын келерки жылдагы титулдук тизмесине Юнусов, Ишматов, Мушкетов көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо боюнча сунуш киргизилет. Ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын жана муниципалдык кызматтардын бир катар жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэрлик кызматына өткөн жылдын 29-ноябрында дайындалган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети