БИШКЕК, 26-январь. — Eurasia Today. Ош шаарында күйүүчү майга болгон баа бир топ арзандай баштаганы байкалууда. АИ-92 үлгүсүндөгү май 70 сомго чейин чыгып кеткен болчу. Азыр 57,90 сомдон сатылууда.
Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май мурда 72 сомго чейин коюп келишсе, учурда 65 сомго чейин төмөндөдү.
Ош шаарындагы күйүүчү май саткан станцияларда түрдүү баалар коюлган, бирок орточо баа төмөндөгүдөй:
АИ-92 (SUPER - жакшыртылганы) - 60,90;
АИ-95 - 64,90;
АИ-92 - 57,90;
Дизелдик отун - 74,80;
Газ - 29,60.
Кечээ, 25-январда, Жогорку Кеңештин дептутаты Жеңишбек Токторбаев бензиндин дүң баасы арзандаганын билдирген.
"Жеке мен өзүм бир канча бензин ташуучу ири компаниялар менен сүйлөштүм. Алардын айтымында, АИ-95 бензини 49 сом, ал эми АИ-92 бензини 45 сомдон бааланып жатат",- деген депутат.
Ал эми монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан тартып бензиндин дүң баасы арзандап жатат.
Мындан улам жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандайт деген божомол бар.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы азырынча арзандоо жөнүндө маалымат тарата элек. Учурда Бишкек шаарында А-95 үлгүсүндөгү бензиндин литринин орточо баасы 62 сомдун тегерегинде.
А-92 бензининин литри 57 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Дизелдин баасы орто эсеп менен 73 сомдун айланасында. Аймактарда мындан жогору болушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районунда А-92 бензининин бир литри 65 сомдон сатылууда.
Күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда акыркы жылдары кескин кымбаттап жатат. Маселен, 2020-жылдары А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болчу. Кыргызстан күйүүчү майды дээрлик толугу менен Россиядан алат. Ал эми Россияда жаңы жылдан тартып мунай продуктыларынын дүң баасы 40-45%га чейин арзандап кеткен.
Валюта курсу
Аба ырайы