БИШКЕК, 25-январь. — Eurasia Today. Кечээ, 24-январда кылмыш иши кыскартылып, сот залынан бошотулган акын Болот Назаровго аргымак тартуу кылынды. Бул тууралуу акын, депутат Мирлан Самыйкожо соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Кечээ күнү Чүйдүн Москва райондук соту Назаровго карата "тоноо" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин жабырлануучу тарап менен жарашуу келишиминин негизинде өндүрүштөн кыскартты. Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылган. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазып берген.
Мирлан Самыйкожо акындын эркиндикке чыгышына тилектеш болгон элге, чыгармачыл интеллигенцияга жана ЖМКнын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
"Болот акынга жакшы тилектерин айтып, эркиндикке чыгышына тилектеш болгон элге, чыгармачыл интеллигенцияга, журналисттерге жана салт менен наркты билип акыныбыздын анча-мынча ашыкча эркелигин түшүнө билип акыйкат чечим чыгаргандарга чоң рахмат! Кыргыздын салтын кылып “Айтыш” КФ Ачекей айылына чогулуп акындын башын куттуктадык! Аргымакты алдына тарткан ага-инилериме рахмат!", - деп жазып, видео менен бөлүштү.
Болот Назаров баарына ыраазычылыгын билдирип, чогулгандарга жаңы чыгармасын тартуулады.
Эске салсак, Назаров былтыр 9-ноябрда "Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган" деген шек менен кармалган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жаткан.
Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайтарып бергенин билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.
Валюта курсу
Аба ырайы