• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1923 Категория: Общество - Published: 24/01 - 10:11

БИШКЕК, 24-январь. — Eurasia Today. Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 25-60 жаштагы аялдар эмчек жана жатын рагына акысыз текшерүүдөн өтө алышат.

Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Маалыматка караганда, акция ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда.

"Иш-чаранын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн онкологиялык ооруларды эрте аныктоонун, эмчек жана жатын моюнчасынын рагын эрте дарылоо жана алдын алуунун маанилүүлүгүнө буруу", - деп белгилешти борбордон.

Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миң жаңы учуру катталарын, бул оорулардан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турарын белгиледи.

Акция 25-январда 27-январга чейин Энергетиктер шаарчасы, Зеленая көчөсү, 1 (стоматологиялык корпус, №1, 2, 3 кабинеттер) дареги боюнча саат 12.00дөн 16.00гө чейин өтөт.
Каалоочулар сүт бездерин, жатын моюнчасын текшерүүдөн, кольпоскопиядан акысыз өтө алышат.
Кенен маалымат алуу үчүн (0312) 333105 номерине кайрылууга болот.
Жыл сайын 4-февралда ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү бегиленет. Бул күн Эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан бери белгиленип келет.
Анын негизги максаты - дүйнө коомчулугун көңүлүн бул глобалдык көйгөйгө бурдуруу жана илдеттин алдын алуу, эрте аныктоо жана ага кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети