• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
526 Категория: Общество - Published: 20/01 - 15:14

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну 26 жаштагы А.А. опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган жаран А.А. кармалып, далилдердин жана күбѳлѳрдүн кѳрсѳтмѳлөрүнүн негизинде жасаган күнѳөсүн толук мойнуна алды.

Ал 2022-жылы апрель айында Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылып, 16 миң сом акчасын алып койгон. Бул боюнча арыз жазып кайрылган атуул ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Кылмышка шектүү адам буга чейин он жолу кылмыш жообуна тартылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн убактылуу жашаган Ош шаарындагы батирине тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, жашаган үйүнөн бир даана “Наган” үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана үч даана огу менен алынды.

Азыркы учурда, жогорудагы куралга карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү менен бирге кылмыш жасаган шериктерин аныктоо, жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө иштери уланууда.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесиндеги (Опузалап талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле шектүүгѳ карата Ош облустук соту тарабынан баш коргоо чарасы 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети