БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Бишкектин №33 орто мектебинде бомба коюлганы айтылып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланды.
Мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат милицияга бүгүн, 20-январда эртең мененки саат ондор чамасында келип түшкөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, учурда мектепте УКМКнын атайын кызмат бөлүгү иш алып барууда.
Буга кошо, милицияга №62 жана Ч. Айтматов атындагы “Илим” лицейинен да жардыруучу зат тууралуу чалуу түшкөн.
Ошондой эле күч түзүмдөрү бүгүн “Сейтек” лицейинин окуучуларын да эвакуацияланганы айтылды.
Ал эми учурда патрулдук милиция мектепке жакын көчөлөрдү курчоого алууда.
Акыркы учурларда мектепке бомба коюлган деген маалыматтар көп чыга баштады. Акыркы жолу 2022-жылдын 9-декабрында борбордогу 8 мектепке "бомба коюлган" деген маалымат милицияга келип түшкөн. Бирок маалыматтар жалган болуп чыгып, алардын бири дагы тастыкталган эмес.
Валюта курсу
Аба ырайы