• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
625 Категория: Общество - Published: 20/01 - 11:25

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Ташкентте сиам эгиздерин ажыратуу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу маалыматты Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, сегиз айлык Фотима менен Зухра аттуу кыздар Кыргызстанда төрөлгөн. Алардын сиам эгиздери экени кош бойлуулуктун 28-жумасында белгилүү болгон. Болочок эне дароо Оштон Бишкекке жөнөтүлүп, бир жумадан кийин, тактап айтканда, 2022-жылдын 31-майында балдары кесарево операциясынын жардамы менен төрөгөн.

Эгиздердин жалпы салмагы 1600 граммды түзгөн. Аларды ич көңдөйү бириктирген. Алардын жалпы боору болгон, бирок өт баштыкчалары өзүнчө түзүлгөн.

Дарыгерлер эгиздер төрөлгөндөн он күн өткөндөн кийин ата-энесине наристелерди аман калууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин айтып, үйлөрүнө чыгарган. Бирок алар үмүтүн үзбөй, Өзбекстандагы Республикалык перинаталдык борбордун неонаталдык хирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бахтиер Эргашевге телефон аркылуу кайрылышкан.

«Биз баарыбыз операциянын деңгээлин, анын маанилүү факторлорун сездик. Бир нече айдан кийин ар кандай адабияттарды кайра окуп, изилдеп, эл аралык деңгээлде жүргүзүлгөн операциялардын видеоматериалдарын талдап, толук жоопкерчиликти алып, ишке киришүүнү чечтик. Балдардын ата-энелерине абалды түшүндүрүп, эгер кааласа башка өлкөгө алып барууга болорун айттык. Бирок алар биздин мурунку практикабыз менен таанышып, бизге толук ишенээрин билдиришти. Бул дагы бизге чоң күч берди», - деди профессор Эргашев.

Ошентип, алар октябрь айында Ташкентке барып, операция 19-декабрда жүргүзүлгөн. Анын алдында бир нече консультациялар болгон.

Белгилей кетсек, биринчи жолу сиам эгиздерин бөлүү операциясы толугу менен өзбекстандык дарыгерлерден турган топ тарабынан жасалды.

«Бизге биздин устаттарыбыз – Медицина кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын өнүктүрүү борборунун директору, профессор Хабибулло Акилов жана профессор Насриддин Эргашев жакындан жардам беришти», - деди Бахтиёр Эргашев.

Белгилүү болгондой, бул операция үч саатка созулган. Анын жүрүшүндө УЗИ жана аргон скальпель сыяктуу кан аз жоготкон ымыркайларды бөлүү технологиялары, ошондой эле заманбап Bloodstop гемостатикалык материал колдонулган.

Эгиздер бөлүнгөндөн кийин ар бир эгизге неонатологдордун өзүнчө тобу операция жасашкан. Учурда адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Кыздардын жакын арада ооруканадан чыгаруулуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Амрилло Иноятов сиам эгиздерин бөлүү операциясына катышкан адистерге “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгисин ыйгарды.

Эске салсак, Өзбекстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда сиам эгиздерин бөлүү боюнча биринчи операция 2006-жылы академик Б.В. Петровскийдин адистеринин катышуусунда өткөн.  

Операцияга өзбек тараптан медицина илимдеринин докторлору Хабибулла Акилов, Андрей Девятов жана саламаттыкты сактоо министри Феруз Назиров, орус тараптан академик Сергей Готье, медицина илимдеринин докторлору Рашид Каюмхожаев жана Эдуард Ким, ошондой эле, илимдин кандидаты Сергей Тен тартылган.
 
Операция жалпысынан 16 саатка созулду. Дарыгерлер көкүрөк менен ич көңдөйүнүн ылдый жагында туташып төрөлгөн төрт айлык Хасан менен Хусан Камилжановдорго операция жасашкан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети