• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
544 Категория: Общество - Published: 18/01 - 15:00

БИШКЕК, 18-январь. — Eurasia Today. Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү боюнча графиктин жоктугуна нааразы болгондор тууралуу 24.kg сайты жазды.

Маалымат агенттик окурмандарына шилтеме кылып, электр жарыгы күнүнө бир нече жолу ар кайсы убакта өчүрүлүп жатканын жазды.

«Жарыктын өчүшү ыңгайсыздыктарды жаратып жатат. Кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдө андан да көп көйгөйлөр жаралууда. Мектеп окуучулары үй тапшырмаларын шамдын жарыгында аткарып жатышат. Так графиксиз эч нерсени пландаштыра албай калдык", - деген агенттиктин окурмандары.

Суук түшкөндөн бери электр энергиясы үзгүлтүккө учурай баштады. Өчкөндө да эскертүүсүз өчүп, бирок качан күйөөрү белгисиз боюнча калууда. Мындан улам жарыктын өчүрүлүшү тууралуу нааразычылыктар социалдык тармактарга да жазылып жатат.

Ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков, электр энергиянын өчүшүн жөнгө салуучу чара экенин жана жабдууларды сактап калуу максатында жасалып жаткан кадам экенин билдирген.

Бүгүн, 18-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгына байланыштуу, жок дегенде өчүрүү графигин түзүп, элге жарыялап койсо жакшы болмок деген сунушун айтты.

Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгы тууралуу кеп козгоду.

“Алмаз Акунжанович, Бишкекте жана аймактарда саат сайын электр энергияны өчүрө баштады. Энергетиктер муну жөнгө салуучу чара деп коюшту. Чындыгында, бул маал-маалы менен өчүрүү. Бизде электр энергия жетишсиз, жабдыктар эски болуп жатканын түшүнүп жатам. Бирок, жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу. Жарандар ошого даяр болушат эле”, - деди эл өкүлү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети