Түркияда 14-майда боло турган президенттик шайлоонун алдында өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу менен жолугушкан АКШнын элчиси Жефф Флейкке бойкот жарыялады.
Мындан улам АКШ-Түркия мамилелери жаңы кризиске учурады. Анкара менен Вашингтондун ортосундагы чатак эмнеге алып барат? Шайлоо алдындагы чыңалуу тууралуу материалдан окуңуз.
Олуттуу атаандаш
Шайлоо 14-майга белгиленген. Режеп Тайып Эрдоган үчүнчү мөөнөткө президенттикке ат салышууда. Мамлекет башчысы үчүн абал мурункуга караганда анча жакшы эмес. Анткени улуттук валютанын кулашы жана 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган кыйраткыч жер титирөө Эрдогандын жана парламенттеги башкаруучу коалициянын рейтингине жаман таасирин тийгизди.
Ага кошо түрк оппозициясы биригип, алты кыймылдын өкүлдөрү узак кеңешүүдөн кийин бирдиктүү талапкер көрсөтүүгө макул болушту. Бирдиктүү талапкер – Республикалык элдик партиянын лидери, Эрдогандан беш жаш улуу, таасирдүү саясий тажрыйбасы бар Кемал Кылычдароглу болду. Ал 2002-жылы депутаттык мандат алып, жети жылдан кийин Стамбулдун мэрлигине талапкер болгон. Анда шайлоодо утулуп калган, бирок шайлоочулардын дээрлик 37 пайызынын колдоосуна ээ болгон.
Коомдук пикирди ар кандай сурамжылоодо оппозиционер дээрлик президенттен кем калышпайт. Эрдогандын башкы атаандашынын мындай популярдуулугу АКШнын көңүлүнөн четте калган жок.
Дипломатиялык эмес визит
Жакында АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк өз демилгеси менен Кылычдароглу менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн чоо-жайы айтылган жок, бирок Эрдогандын нааразы болушу үчүн мындай байланыштардын фактысынын өзү эле жетиштүү болду.
“Биз бул шайлоодо Америкага сабак беришибиз керек. Жо Байдендин элчиси Кемал мырза менен жолугууда. Уялбайсыңбы, бир аз ойлонуш керек да. Сен элчисиң. Бул жакта сенин сүйлөшө турган адамың — президент. Ушундан кийин кайсы бетиң менен президентке жолугам деп суранасың? Биздин эшигибиз ал үчүн жабылды, мындан ары бул жакка кире албайт. Эмне үчүнбү? Өз ордун билсин”, – деген Эрдоган.
Флейк бул кызматта 2022-жылдын январынан бери иштеп келе жатат. Анын дайындалышы жагымсыз учурга туш болгон. Ал кезде Вашингтон менен Анкаранын мамилеси Эрдогандын россиялык С-400 зениттик системаларын сатып алуусу жана андан кийин Түркиянын АКШ баштаган НАТО программасынан четтетүүсүнөн улам начарлап кеткен. Эми элчинин тагдыры күмөн болуп турат.
Азырынча Эрдоган Флейкти жолугушуулар менен гана чектөөгө жетишти. Бирок Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына ылайык, Анкара өз чечимин түшүндүрбөстөн каалаган убакта элчини “персона нон грата” деп жарыялай алат. Мындай шарттарда Штаттар кызматкерди кайра чакыртып алууга аргасыз болот, антпесе ал иммунитеттен ажырап калат.
Сынга калган Кылычдароглу
Шайлоо алдында Кылычдароглу элдин сын-пикирине калды. Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган сүрөттөрдүн биринде саясатчынын жайнамаздын үстүндө бут кийимчен турганын көрүүгө болот.
Кылычдароглунун айтымында, ал сүрөткө түшүүнүн алдында шашып калып, жайнамазды байкабай калган. ЖМКлар буга чейин дал ушундай абалга түрк динаятчысы Фетхуллах Гүлен да туш болгонун эске салышты. Гүлен жана ал негиздеген уюм 2016-жылы Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталган.
Саясатчынын жоругуна биринчилерден болуп Эрдогандын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Фахреттин Алтун реакция жасады: ал президент жайнамаз тууралуу ырдан үзүндү окуп жаткан кыска видеону жарыялады. Андан соң мамлекет башчысы митингде сөз сүйлөп, чогулгандардын алдына жайнамазды көрсөтүп, эч кимдин аты-жөнүн атабай: “Бул жайнамаз бут кийим менен басуу үчүн эмес. Кудай буюрса, 15-майда анда (жайнамазда – ред.) ыраазычылык намазын окуйбуз”, – деген Эрдоган.
Эксперттер Эрдогандын активдүүлүгүн шайлоо алдындагы бүдөмүк кырдаал менен байланыштырышууда. Алардын айтымында, АКШ элчиси менен түрк талапкеринин жолугушуусу сыяктуу байланыштар Вашингтондун оппозицияга ставка жасап жатканынан кабар берет.
Эрдоган тажрыйбалуу саясатчы. Ал кырдаалды тегиздөө үчүн аракет кылып жатат, ошондуктан катуу билдирүүлөрдү жасап, өзүнүн рейтингин көтөрүү үчүн талаштуу кадамдарга барууда. Түрк президенти азыр тышкы да, ички да оппоненттерине каршы ойноп жатат. Анын үчүнчү мөөнөтү абдан реалдуу көрүнөт, дешүүдө эксперттер.
Шайлоо алдындагы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Эрдоган менен Кылычдароглунун ортосунда шайлоонун фаворити ким экенин азырынча аныктай элек, бирок эксперттер азыркы шайлоо жараяны 50 миңдей адамдын өмүрүн алган кыйраткыч жер титирөөлөрдөн жана оор экономикалык абалдан улам бийликтеги партия үчүн эң оор болорун белгилешүүдө. Шайлоого “Ata” альянсынан талапкер Синан Оган жана “Memleket” партиясынын лидери Мухаррем Инже да катышат.
Көптөгөн оппозициячыл активисттер Инже биринчи турда Кылычдароглунун жеңишке жетишине тоскоол болорун жана оппозициянын добуштарынын бир бөлүгүн өзүнө алып алат деп, аны шайлоодон талапкерлигин алып салууга чакырышууда.
Инже Кылычдароглу менен жолугушкандан кийин президенттик шайлоодон талапкерлигин алып салбай турганын жарыялады.
Булак: РИА Новости