Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Шайлоо – 2025: кыргызстандыктар үчүн чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

  • Коом
  • 05.11.2025 09:50

Loading

Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Анын 40 пайызы Россиянын аймагында.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкесинин ачылышы рекорддук сан. Мурда жалпысынан 59 участок ачылган.

Тема боюнча

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

05.12.2025

Россиянын борбору Москвада 7, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск шаарларында экиден, ал эми Турцияда 8, Казакстанда 7, АКШда 6, Кореяда 4, Италияда 3 шайлоо тилкеси ачылат. Андан тышкары, экиден тилке Германияда, Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында жана Сауд Арабиясында.

“Биздин калган чет өлкөлүк мекемелерде бирден тилкелер ачылып жатат. Бүгүнкү күнгө министрлик тарабынан иш планыбыз бекитилген. Ошол иш пландын алкагында шайлоо тилкелерин түзүү боюнча дипломаттар айтылган шаарларга барып, чет элдик жергиликтүү өнөктөштөр менен сүйлөшүп, тилкелерди ачуу процесси аяктап калды”,- деп айтты ал.

Ал кошумчалагандай, шайлоого максималдуу эл аралык байкоочулардын катышуусу күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялап жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, аккредитациядан өтүү үчүн бардык чет элдик ЖМК өкүлдөрү 2025-жылдын 17-ноябрына чейин белгиленген формадагы маалыматты паспортторунун көчүрмөлөрү менен бирге press@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүшү керек.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-октябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандыгын жарыялаган.

БШКнын расмий маалыматына ылайык, жалпысынан 589 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын 365и эркектер, 224тү аялдар.

Булардын ичинен бүгүнкү күнгө карата БШК тарабынын 168 талапкер катталса, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал эми 7 талапкерди мекеме каттоодон баш тартты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу 32 депутаттан турган демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргызстан боюнча 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: парламенттик шайлоо
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

19.01.2026
Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

05.12.2025
Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

01.12.2025
Т. Саралаев: “Кечээ өткөн шайлоонун уюштуруусуна ыраазы болуп, ынаныш керек”

Т. Саралаев: “Кечээ өткөн шайлоонун уюштуруусуна ыраазы болуп, ынаныш керек”

01.12.2025
Шайлоого элдин келишинин көбөйгөнү, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогонун билдирет – Курманов

Шайлоого элдин келишинин көбөйгөнү, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогонун билдирет – Курманов

01.12.2025
Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

30.11.2025
Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү – БШК төрагасы

Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү – БШК төрагасы

30.11.2025
Саат 17:00гө карата 1 млн 197 миң 568 шайлоочу добушун берди

Саат 17:00гө карата 1 млн 197 миң 568 шайлоочу добушун берди

30.11.2025
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоочулар эмне дейт?

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоочулар эмне дейт?

30.11.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.