Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 10-майда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды.
Бул атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон бийликти алгандан бери Сердар Бердымухамедовдун Тажикстанга алгачкы сапары.
Эки күндүк сапардын алкагында түркмөн лидери Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президенттер эки өлкөнүн мамлекеттер аралык мамилелеринин кеңири спектрин кеңири талкуулашып, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алышышканын Turkmenportal агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, тараптар экономикалык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Бул жерде артыкчылыктардын катарында энергетика, өнөр жай, транспорт, байланыш жана айыл чарба тармактары аталды.
Мамлекет башчылары жеке ишкерлик чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин да карашты. Тактап айтканда, тараптар Түркмөнстан менен Тажикстандын бизнес түзүмдөрү ортосунда түз байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.
Бердымухамедов менен Рахмондун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө Декларацияга кол коюшту.
Мамлекет башчыларынын катышуусунда жалпы 23 документке кол коюлду. Анын ичинде төмөнкү документтер бар:
? Саламаттыкты сактоо, киберкоопсуздук, маалыматты техникалык жактан коргоо жаатындагы өкмөттөр ортосундагы макулдашуулар;
?Улуттук банктар, Эмгек Министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдардын алкагында өз ара өнөктөштүк жөнүндө меморандумдары;
? Айыл чарба жана жүк ташуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү “жол карталары”
? Атайын кызматтар аркылуу ортодогу кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашуу.
2021-жылы сентябрда Эмомали Рахмон Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барган. Түркмөнстандын ал кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы айрым чыңалуулар басаңдаган. Салкын мамилеге Түркмөнстандын үч жыл бою өз аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдү Тажикстанга өткөрбөй койгону себеп болгон.
Бердымухамедовдун Тажикстанга мамлекеттик сапары 10-11-апрелге белгиленген. Бирок чоң апасынын дүйнө салганына байланыштуу сапар кийинкиге жылдырылган.