• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2437 Категория: Наука и Техника - Published: 20/01 - 13:47

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today.  Бирмингем жана Дьюк университеттеринин окумуштуулары канттан пластмасса жасашты.

Бирмингем жана Дьюк университеттеринин окумуштуулары экологиялык жактан таза чийки заттан полимерлердин жаңы тобун түзүштү.

Бирмингем университетинин сайтында айтылгандай, революциялык материал кадимки пластиктин касиеттерин сактайт, бирок ошол эле учурда эрип же чирип жок болуп, кайра иштетүүгө болот.

Изилдөөчүлөр нефтехимиялык чийки заттын ордуна, канттын негизиндеги заттарды колдонушуп, эки жаңы полимерди жаратышты: бири резина сыяктуу чоюлса, экинчиси катуу, бирок көпчүлүк коммерциялык пластмассалар сыяктуу эле ийилчек болот.

Полимерлерди түзүү үчүн курулуш материалы катары кант спирттеринен турган бирикмелер колдонулган.

Полимерлерди бири-бири менен аралаштырууга болот, бул кайра иштетүүдө олуттуу артыкчылык болуп саналат.

Изилдөөчүлөр келечекте экологиялык жактан таза пластик азыркы кадимки пластик менен атаандаша алат деп үмүт кылышат.

Профессор Эндрю Дав окумуштуулар канттан жасалган пластмассанын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөөнүн үстүндө иштеши керектигин айтты.

"Узак мөөнөттүү келечекте бул түрдөгү материалдар айлана-чөйрөдө эрип же чирип жок болбогон нефтехимиядан алынган пластмассаларды алмаштырышы мүмкүн", - деди изилдөөчү.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+24°C Дүйшөмбү
+31°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети