297 Категория: Наука и Техника - Published: 21/07 - 12:24

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today.  Жеке ракетасы менен космоско учкан Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Жефф Безос космостук кеменин ичинен тартылган видеону өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Дүйнөдөгү эн бай адамдардын бири Жефф Безосту космостук туристтер менен бирге Blue Origin компаниясынын “New Shepard” кемеси "космостун чеги" делген Карман тилкесине алып чыкты. Бул тилке деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте жайгашкан.

Белгилей кетсек, космоско учуу болжол менен 10 мүнөткө созулду.

Жефф Безос бул сапарга иниси Марк, 82 жаштагы америкалык астронавт Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен учуп барып келди.

Астронавттар отурган капсула АКШнын Техас штатындагы чөлгө ийгиликтүү конду.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Jeff Bezos (@jeffbezos)

Теги: