Сауд Арабиясынын падышасы Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд жана мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман Ирандын президентине өзүнчө телеграмма жөнөтүп, Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтышты.
Бул тууралуу VAS маалымат агенттиги билдирди.
“Шахид Ражаи портундагы жарылуу тууралуу уктук жана анын кесепетинен бир катар адамдар каза болгондугун жана жаракат алгандыгын кайгыруу менен кабыл алдык. Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Иран элине көңүл айтуу менен бирге, Жараткан Алладан маркумдарга ырайым, аман калгандарга сабыр, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз” – деп айтылат Саудия падышасынын Пезешкианга жолдогон көңүл айтуу телеграммасында.
Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман да ушундай эле билдирүү жөнөттү.
Бин Салман Шахид Ражаи портундагы жарылуудан бир катар адамдар каза болгондугун жана жаракат алгандыгын кайгыруу менен кабыл алганын айтып, Иран президентине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Иран элине көңүл айтып, Жараткан Алладан маркумдарга ырайым, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портундагы жарылуу 26-апрелде болгон. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 40 кишиге жетип, 1241 адам жаракат алды.
Жарылуу химиялык заттар контейнерде туура эмес сакталгандан улам чыкканы айтылуу, бирок так себеби азырынча белгисиз. Буга чейин күйүүчү май сакталган резервуарда өрт чыгып, андан улам жарылуу болгону да айтылган.
Шахид-Ражаи – Ирандагы эң ири соода порту. Ал Ормуз кысыгынын жанында жайгашкан. Бул жер Ирандын эң чоң контейнердик түйүнү катары өлкөнүн суу аркылуу ташылчу жүктөрдүн болжол менен 90%ын тейлейт. Анын аянты 2400 гектарга жакын. Дал ушул транспорттук түйүн “Түндүк-Түштүк” экономикалык долбоорунда маанилүү роль ойнойт.
Бандар-Аббастагы кырсыкка байланыштуу Иран элине жана жетекчилигине дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери, Россиянын президенти, Кытай, Египет жана башка өлкөлөр көңүл айтышты.















