Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлга караган түнү Ирандын борбор шаары Тегеранда өлтүрүлдү. ХАМАС кыймылы Ханиянын өлтүрүлүшүн тастыктап, окуяга Израилди күнөөлөдү. Израиль бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсү боюнча Ханиянын Тегерандагы резиденциясы аткыланып, окуялан ал жана анын жан сакчыларынын бири каза тапкан.
ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Тегеранга 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышууга барган. Сапардын алкагында ал Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугуп, президенттин инаугурациясына катышкан.
Сакчылар корпусу тараткан билдирүүдө окуянын себептери жана масштабы такталып жатканы, жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланары айтылат.
ХАМАС: Ханиянын өлтүрүлүшү жоопсуз калбайт
Палестиналык ХАМАС кыймылы Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөнүн тастыктады.
Кыймылдын расмий билдирүүсүндө, Хания Ирандын шайланган президенти Масуд Пезешкяндын инаугурация аземине катышкандан кийин анын Тегерандагы резиденциясына жасалган израилдик рейддин натыйжасында өлтүрүлгөндүгү белгиленген.
Кыймылдын Саясий бюросу Ханиянын өлтүрүлүшүн коркоктук акт деп атады.
ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын орун басары Муса Абу Марзук шаршемби күнү эртең менен Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүн коркоктук акт деп атат, бул кылмыш жоопсуз калбай турганын билдиргенин палестиналывк “Аль-Акса” телеканалы маалымдады.
“Лидер Исмаил Ханияны өлтүрүү – коркоктук акт жана ал жоопсуз калбайт”, – деген Абу Марзук.
Эл аралык реакция
Палестина
Палестинанын президенти Махмуд Аббас Ханиянын өлтүрүлүшүн кескин айыптаганын, WAFA маалымат агенттиги билдирди.
“Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас ХАМАС кыймылынын башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүн кескин айыптап, муну коркоктук акт жана коркунучтуу эскалация катары баалады”, — деп айтылат билдирүүдө.
Аббас палестиналыктарды Израилдин оккупациясынын алдында биримдикке, сабырдуулукка жана туруктуулукка чакырды.
Палестинанын Ливиядагы элчиси Мохамад Рахаль ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү бардык тараптардын, анын ичинде Израилдин кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизерин билдирди.
Палестиналык дипломат ошондой эле Израилдин мындай аракеттерин «мифтик жеңиш» деп атады.
Иран
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Ханиянын өлүмү Иран, Палестина жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдей турганын билдирди.
“Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшү Иран Ислам Республикасы, Палестина жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы терең жана ажырагыс байланышты дагы да бекемдейт”, – деген Кананинин сөзү Иран ТИМинин Telegram каналында жарыяланды.
Россия
Россиянын Тышкы иштер министрлиги ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысынын өлүмүн саясий өлтүрүү деп атады.
Москвада Ханиянын өлүмүн таптакыр кабыл алынгыс саясий өлтүрүү деп эсептейт, бул аймактагы мындан ары эскалация коркунучун туудурат, деп билдирди Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов РИА Новости агенттигине.
Анын айтымында, болгон окуя Дохадагы сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизет.
Түркия
Анкара палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Израиль тарабынан өлтүрүшүн айыптап, эл аралык коомчулукту жаңжал регионалдык боло электе Тель-Авивди токтотууга чакырат, деп билдирди Түркиянын Тышкы иштер министрлиги.
“Бул чабуулдун максаты – Газа тилкесиндеги согушту бүтүндөй аймакка жайылтуу. Эгер эл аралык коомчулук Израилди токтотуу үчүн чара көрбөсө, биздин аймак дагы масштабдуу кагылышууларга туш болот”, – деп баса белгиледи ведомство.
Тышкы иштер министрлиги палестиналыктарга көңүл айтып, Анкара алардын адилеттүү иштерин колдоону уланта турганын баса белгиледи.
АКШ
Пентагондун башчысы Ллойд Остин New York Times гезитине Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө Израилдин тиешеси бар же жок экендиги жана бул тууралуу АКШ алдын ала кабардар болгонбу деген суроолорго эч нерсе айта албай турганын айтты.
“Менде бул боюнча эч нерсе жок”, – деп Остин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Хезболла
Ливандагы “Хезболла” кыймылы Ханиянын өлүмүнөн кийин каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилге каршы бардык фронттордо дагы кбүрөөк чечкиндүүлүк менен күрөшүүнү уланта турганын билдирди.
“Ханиянын өлүмү каршылык көрсөтүүчү күчтөргө анын бардык фронттордо күрөштү улантуу үчүн дагы да кайраттуулукту берет жана сионисттик душманга каршы турууга алардын чечкиндүүлүгүн бекемдейт”, – деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.
Хуситтер
Йемендик хуситтер Ханиянын өлтүрүлүшүн теракт деп аташты.
«Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммад Али аль-Хуси Ханиянын өлтүрүлүшүн жийиркеничтүү террордук кылмыш деп билдирди.
“Ага (Ханияга – ред.) кол салуу – жийиркеничтүү террордук кылмыш, мыйзамдарды жана моралдык баалуулуктарды одоно бузуу болуп саналат”, – деп жазды аль-Хуси соцтармактагы баракчасына.
Катар
Катар ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын Иранда өлтүрүлүшүн кескин айыптап, муну коркунучтуу эскалация жана эл аралык укукту ачык бузуу катары баалады.
Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө айтылат.
Министрлик Доханын террордук актыларды, анын ичинде саясий өлтүрүүлөрдү, алардын себептерине карабастан четке кагуу саясатынын өзгөрүлбөстүгүн эске салды.
Ведомствонун билдирүүсүндө, бул операция жана Израилдин Газа тилкесиндеги жайкын тургундарды өлтүрүү практикасы аймакты хаостун чексиз айлампасына алып барып, тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтып жатканы кошумчаланат.



















