Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров: Дүйнө өсүп жаткан глобалдык чакырыктарга туш болууда

  • Кыргызстан
  • 24.04.2025 15:54

Loading

Бүгүн Бишкек кайрадан жалпы умтулуулар жана үмүттөр менен бириккен өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясында билдирди.

Мамлекет башчысы улуу Ала-Тоонун этегинде жайгашкан Бишкек шаарында жыйырма жылдан ашык убакыт мурда бүткүл дүйнөлүк тоо диалогунун пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

“Бүгүн Бишкек кайрадан жалпы умтулуулар жана үмүттөр менен бириккен өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда. Орток көйгөйлөр жана кызыкчылыктар, тилектештик жана биргелешкен чечимдерге негизделген диалогубузду улантып жатабыз. Дүйнө өсүп жаткан глобалдык чакырыктарга – климаттын өзгөрүшүнө, аба ырайынын экстремалдык шарттарына, жаратылыш кырсыктарына, экосистеманын тездеген деградациясына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна туш болду.

Уникалдуу ресурстарга ээ болгон тоолуу өлкөлөр бир эле учурда бардык ушул процесстердин таасирине дуушар болуп жатышат.

Биздин конференция Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия өлкөлөрүн бириктирүүгө багытталган, алар бири-биринен алыс болгонуна карабастан, мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, Альп жана Анд тоолорундагы, Килиманджаро менен Гималайдагы, Памир-Алай мененТянь-Шань, Кавказ менен Алтай жана башка тоо тутумдарындагы тоо экосистемаларынын деградациясы сыяктуу көйгөйлөргө туш болушууда. Ыкчам чаралар, макулдашылган аракеттер жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу талап кылынат”, – деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, 2000-жылдардын башынан тартып Кыргызстан БУУнун алкагында ырааттуу кадамдарды жасап, тоолорду туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө глобалдык күн тартибин акырындык менен кеңейтүүгө жетишип, тоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жасап келет.

“Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү конференция ушул беш жылдыктын алкагында өтүп жатат. Беш жылдык аракеттердин Глобалдык алкактык планынын негизинде БУУга мүчө мамлекеттер тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда”, – деп билдирди президент.

Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстанда тоолор беш жылдыгынын алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар аткарылды:

– Жашыл энергетиканы өнүктүрүү.
Кыргызстанда акыркы 2 жылда тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоого багытталган 14 чакан ГЭС ишке киргизилди. 2025-жылы дагы 18 ГЭСти куруу пландалууда.
– Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү.
Темир жана автомобиль жолдорун куруу, ички аба каттамдарын өнүктүрүү аркылуу тоолуу райондорду шаарлар менен байланыштыруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
– Тоолуу аймактарды жашылдандыруу.
Өлкөдө токой аянттарын көбөйтүү боюнча “Жашыл Мурас” улуттук программасы ишке ашырылып жатат, бул биздин парник газдарынын чыгындыларын өздөштүрүү потенциалыбызды жогорулатууга багытталган. Бул программанын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузулат.
– Санариптештирүүнү өнүктүрүү.
Алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн санариптик мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
– Калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
Кыргызстан дүйнөдө биринчилерден болуп телемедициналык долбоорду иштеп чыгып, “Индия жана БУУ өнүктүрүү өнөктөштүк фондунун” алкагында 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алды.
Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү тоолуу аймактарда жашаарын эске алсак, аймактарда улуттук потенциалды жана саламаттыкты сактоо мекемелерин өнүктүрүү социалдык саясат тармагындагы негизги милдеттердин бири болупсаналат.
– Элдин жашоо шартын жакшыртуу.
2024-жылы мамлекеттин эсебинен кыска мөөнөттүн ичинде электр энергиясы, интернет жана негизги инфраструктурасы менен камсыз болгон Баткен районунун бийик тоолуу жана барууга кыйын Зардалы айылын мисалга алып, биз эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн алыскы тоолуу райондорунда калктын жашоо шартын жакшыртууга мындан ары да даярбыз.

Жапаров эл аралык уюмдарды жана каржы институттарын географиялык обочолонууга катарлаш климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин башынан өткөрүүгө аргасыз болгон тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларынын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоого чакырды.

Ал бүгүн катышып жаткан конференция жасалган иштерге баа берүү гана эмес, 2027-жылы өтө турган Бишкек+25 Глобалдык Тоо саммитине бара жаткан жолдо жаңы коалицияларды, стратегияларды жана саясий милдеттенмелерди түптөө аянтчасы болуп саналарын белгиледи.

Садыр Жапраов алдыдагы жылдарга карата коюлган күн тартип масштабдуу жана көп катмарлуу экенин айтып, тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү жана төмөндөгү аракеттерди көрүүнү сунуштады:

  • тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана климаттык кризиске туруктуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен айыл чарбасында, жашыл экономикада жана энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновацияларды ишке ашыруу;
  • тоолуу аймактардагы долбоорлорду, анын ичинде климатты каржылоо механизмдери аркылуу туруктуу каржылоону камсыз кылуу. Бул максаттарда тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуш кылам;
  • дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы карызын «жашыл» демилгелерге алмаштыруу боюнча биздин демилгелерибизди колдоону сунуштайм. Биз Германия жана Түркия тарапка бул демилгеге практикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
  • тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу райондорго тийгизген таасири боюнча эл аралык изилдөөлөрдү, анын ичинде Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссия аркылуу кеңейтүү зарыл;
  • БУУнун алдында “БУУ-Тоолор” координациялоо механизмин түзүү;
  • өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдөн турган тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү;
  • Жаштардын жана аялдардын катышуусусуз туруктуу келечекти куруу мүмкүн эмес экенин баса белгилегим келет. Биз “Тоо жаштары, аялдар жана климат” эл аралык платформасын түзүүгө чакырабыз, анда жаштардын жана аялдардын демилгелери угулуп, колдоого алынат. Биздин чечимдер натыйжалуу гана болбостон, адилеттүү жана инклюзивдүү болушу керек.

Мамлекет башчы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү курчап турган чөйрөнү сактоо жана бул аялуу аймактарда гана эмес, ошондой эле төмөн жактарда жашаган адамдардын бакубат жашоосу үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

“Биз 2027-жылы өткөрүүгө даярданып жаткан Бишкек+25 саммити иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыгы гана болбостон, жаңы этаптын – тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн адилет, амбициялуу жана бирдиктүү эл аралык кызматташтыктын башталышы болот деп ишенем”, – деди ал.

Жапаров бардык өлкөлөрдү жана эл аралык өнөктөштөрдү Тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга жана жалпы үй – Жер планетасынын келечек муундары үчүн тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө салым кошууга чакырып, Глобалдык тоо диалогду колдоону суранды.

Конференцияда ошондой эле Лесото Королдугунун Премьер-министринин орун басары Жастис Нтоменг Мажара, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй жана Азия токой чарбасы боюнча кызматташтык уюмунун аткаруучу директору Парк Чонхо сөз сүйлөштү.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Бишкек+25 саммитиглобалдык тоо диалогуСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.