Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетүүчү жагдай, 14-августта кечинде Дагестандын борбору Махачкаладагы май куюучу жайда болгон жарылуудан акыркы маалыматтарга ылайык, 35 адам каза болгон. Бул тууралуу Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан 33 адам, анын ичинде үч бала каза болгонун билдирген.