1287 Категория: Россия - Published: 18/05 - 16:12

БИШКЕК, 18-май. — Eurasia Today. Евробиримдик Орусиянын энергетикалык ресурстарынан баш тартып, экономикалык аутодаф  кылып жатат.

Бул тууралуу Владимир Путин мунай тармагындагы абал боюнча Москвада өткөн кеңешмеде айтканын орусиялык басылмалар жазышты.

Путин Европанын кээ бир саясий кызыкчылыктарын жана АКШнын кысымынан улам энергетика тармагында түрдүү чектөөлөрдү колдоно баштаганына токтолуп: “Бул өз кезегинде инфляцияны шарттайт. Алар каталарын моюнга алгандын ордуна, күнөөлүүлөрдү чет жактан издеп жатышат. Батыш саясатчылары менен экономисттери жөнөкөй, негизги экономикалык мыйзамдардын негиздерин унутуп коюшту же аларга зыян келтирип, атайылап көз жаздымда калтырууну чечишти окшойт”- деди.

Ошондой эле, ал  Европа кийинчерээк энергоресурстар абдан кымбат болгон аймакка айланарын баса белгиледи.

Путин Европанын энергетика тармагындагы кадамдарын сынга алып, “Албетте, биздин өнөктөштөр тарабынан жасалган бул тең салмаксыз кадамдар Европанын экономикасына гана зыян келтирбестен, Орусиянын мунай жана газ кирешелерин да көбөйтөт”, - деп билдирди.

Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Орусияга бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү Орусиянын мунай менен газынан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө издеп жатышат.

Ошол эле учурда мунай эмбаргосун камтыган ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакетинин кабыл алынышына бир катар мамлекеттер, анын ичинде Венгрия макул эместигин билдирди.

Теги: