• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1197 Категория: Россия - Published: 16/05 - 11:20

БИШКЕК, 16-май. — Eurasia Today. Германия Орусияга каршы санкциялардын кезектеги пакетинин алкагында ушул жылдын аягына чейин орус мунай импортунан баш тарууну пландап жатат.

Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүндөгү маалымат булактары билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Евробиримдик бул маселе боюнча бир пикирге келе албаса да, канцлер Олаф Шольцтун өкмөтү Украинадагы аскердик операцияга жооп катары ЕБнин чектөөлөрүнүн бир бөлүгү катары орус мунайынан этап-этабы менен баш тартууга чечкиндүү.

Берлин буга чейин альтернативдик энергия берүүчү компаниялар менен келишим түзүү менен алек болуп жатканы айтылган, бирок мунай тартыштыгын толтура турган өлкөлөрдүн тизмеси азырынча жарыялана элек. Германия өкмөтү логистикалык маселелерди алты-жети айдын ичинде чече аларына ишенүүдө.

Bloomberg Олаф Шольцтун Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен бейшемби күнгө белгиленген сүйлөшүүлөрүндө, ошондой эле жума күнү Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуусунда негизги тема катары мунай санкциялары жана энергетикалык коопсуздук темасы караларын жазды.

Эскерте кетсек, Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга каршы бир нече санкциялар пакетин киргизген. Евробиримдиктин өлкөлөрү орус мунайынан жана газынан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатышат. ЕБ санкцияларынын алтынчы пакети “мунай эмбаргосун” киргизүүнү караштырууда, бирок бир катар өлкөлөр, атап айтканда Венгрия анын кабыл алынышына тоскоол болууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+42°C Дүйшөмбү
+41°C Ашхабад
+37°C Ташкент

Соцсети