1424 Категория: Россия - Published: 28/04 - 10:59

БИШКЕК, 28-апрель. — Eurasia Today. Австрия Орусиянын газ төлөмдөр боюнча шарттарын кабыл алды.

Бул шарттар санкциялардын шарттарына туура келерин Австриянын канцлери Карл Нехаммер маалымат жыйында билдирдиргенин орусиялык басылмалар жазышууда.

“Биз, башкача айтканда, OMV компаниясы Германия өкмөтү сыяктуу эле Орусия тараптан сунушталган төлөм шарттарын кабыл алдык. Бул шарттар санкциялардын шарттарына шайкеш келет деп табылган. Бул биз үчүн маанилүү болду”, - деди Нехаммер.

Канцлер Польша менен Болгария схема боюнча орус газы үчүн рубль менен төлөөдөн баш тартканын, ошондуктан Орусиядан күйүүчү майдын бул түрүн алып келүүдө көйгөйлөргө туш болгонуна токтолуп өттү.

Буга чейин, Орусия Польша менен Болгарияга газ берүүнү токтоткону маалым болгон.

Орусия доллар менен еврону четтетүү максатында 1-апрелден тарта «дос эмес өлкөлөрдөн» газ үчүн төлөмдү рубль менен кабыл аларын жарыялаган.

Теги: