• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
354 Категория: Россия - Published: 14/04 - 11:55

Орусиянын коронавируска каршы “Sputnik V” вакцинасынын бир эле дозасы жогорку иммундук реакцияны жаратат.

Аргентиналык окумуштуулар “Sputnik V” вакцинасынын бир эле сайма дозасы жогорку иммунитетти камсыз кыларын ырасташты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышканын “EurasiaToday” агенттиги маалымдайт.

Март айынын аягында Аргентина бийлиги жарандарга COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын гана сайып, экинчи дозасын 3 айга жылдырып туруу чечимин кабыл алышкан. Дүйнөдө коронавируска каршы вакцинанын жетишсиздигенен улам өлкө бийлиги мындай жол менен мүмкүн болушунча көп адамдарды эмдөөгө аракет кылган.

Аргентина өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Sputnik V вакцинасынын иммундук жообун анализдөөгө 288 адам катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын 94%ында вакцинанын биринчи эле дозасын алгандан кийин антителолор пайда болгону анкыталган.

Белгилей кетсек, орусиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын иштеп чыгып, 2020-жылдын август айында препарат дүйнөдө биринчи болуп каттаган. Вакцина Орусиянын Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору тарабынан иштелип чыккан жана сатып алуу боюнча дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Аталган препарат тийиштүү сыноолордон өткөндөн кийин 91%дан ашык натыйжалуулукту көрсөткөнү маалым болгон. Ал эми коронавирус инфекциясынын оор учурларына каршы 100 пайыздык натыйжаны көрсөткөн.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+17°C Алматы
+18°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+20°C Ташкент

Соцсети