Москва АКШнын Йемендеги Рас-Иса мунай терминалына жасаган соккусун негизсиз жана кабыл алынгыс деп эсептейт.
Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
“Биз мындай аракеттерди толугу менен негизсиз жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз”, – деди ал брифинг учурунда.
Эске салсак, апрель айынын ортосунда америкалык авиация Йемендин батышындагы Ходейда провинциясындагы Рас-Иса мунай портуна сокку уруп, 80 киши өлүп, 150дөн ашууну жарадар болгон. Алар негизинен порттун жумушчулары жана почта кызматкерлери болгон.
АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Рас-Иса порту талкаланганын, соккулардын максаты “Ансар Аллахты” (хуситтерди) кирешеден ажыратуу экенин билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп 15-мартта америкалык аскерлерге Йемендеги “Ансар Аллах” (хуситтер) кыймылына каршы “чечкиндүү жана күчтүү” чараларды көрүүнү буйруган. АКШнын Борбордук командачылыгы өлкө америкалык кызыкчылыктарды коргоо үчүн кеңири масштабдуу операция баштаганын билдирген.















