Россия Федерациясынын президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Тегеранга болгон сапарынын алкагында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
«Россия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү», — деп айтылат иран министринин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, жолугушууда Москва менен Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөргө болгон жалпы көз карашы баса белгиленди. Ошондой эле Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын эгемендүүлүгүнө кандай гана болбосун кол салууларга каршы туруу жана бул өлкөнүн терроризмдин очогуна айланып кетишине жол бербөө зарылдыгы айтылды.
Ирандын тышкы иштер министри жолугушуу учурунда Лаврентьевге Россиянын 28-августта «евроүчтүк» өлкөлөрү (Улуу Британия, Германия, Франция) тарабынан Иранга карата 2015-жылдагы Өзөктүк келишим аркылуу алынган эл аралык санкцияларды кайра жандандыруу аракетине каршы принципиалдуу жана бекем позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 19-сентябрда Иран Ислам Республикасына карата санкцияларды жандантпоону сунуштаган резолюция долбоорун четке каккан, натыйжада санкциялар 28-сентябрдан тарта кайра күчүнө кирген. Россия менен Иран бул чечимдердин мыйзамдуулугун тааныбай, 2015-жылдагы Өзөктүк келишимди Европа өлкөлөрү бир нече жолу бузганын жана АКШнын келишимден чыгып кеткенин жүйө келтиришкен.
Россия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Лаврентьев Тегеранга Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шараа 15-октябрда Россияга келип, Кремлде Владимир Путин менен жолугушкандан кийин барды.
Лаврентьев 21-октябрда Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда аймактык кызматташтык жана Сириядагы акыркы окуялар талкуунун негизги темасы болду.
Буга чейин Лариджани 17-октябрда Москвага барып, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин жеке кайрылуусун Путинге тапшырган.















