Ошто “Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн орус тилинде жана предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу” жумалыгы башталды.
Анын алкагында мектеп окуучулары жана предметтик мугалимдер арасында санариптик технологияларды, заманбап окутуу механизмдерин колдонуу ыкмалары боюнча иш алып барылууда.
Билим жумалыгына Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын 300дөн ашуун окуучусу жана 170тен ашуун физика, информатика, математика мугалимдери катышууда.
Аталган долбоор “Роскызматташтыгынын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ушундай эле иш-чаралар алдыда Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарыларында дагы өткөрүлөрү пландалууда.
Кошумчалай кетсек, быйыл октябрда Кыргызстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин саммити учурунда Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда орус тили боюнча эл аралык уюмду негиздөө жөнүндө документ кабыл алынганы жарыяланган.




















