Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөр терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуусу керек.
Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди.
“Саммиттин жүрүшүндө аймактык коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалды талдоо менен биз ШКУга мүчө-мамлекеттердин терроризмге, анын бардык көрүнүштөрүндөгү экстремизмге, киберкоркунучтарга, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы биргелешип күрөшүүдө кызматташуу зарылдыгын түшүндүк”, – деген Рахмондун сөзүн анын басма сөз кызматы келтирди.
Тажикстандын президенти бүгүн кол коюлган ШКУнун Баңгизатка каршы борборун жана ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунучтарга жана тобокелчиликтерге каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборду түзүү жөнүндө макулдашуулар мамлекеттердин бул багыттардагы кызматташуусунун жаңы перспективаларын ачарын баса белгиледи.
Рахмон Тажикстандын Жакынкы Чыгыштагы жана согуш жүрүп жаткан башка өлкөлөрдөгү оор кырдаалды жөнгө салуудагы бекем жана өзгөрбөс позициясын дагы бир жолу ырастады.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын Тяньцзин шаарында өтүп, ага 20дан ашык лидерлер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык бирикме. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус кирет. Байкоочу өлкөлөр: Афганистан жана Монголия; өнөктөш өлкөлөр: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка.




















