Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Түркмөнстанда жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.
«Албетте, бүгүнкү күндөгү эң курч маселе — аймактагы кырдаал. Иран аймакта өзүнүн күнөөсү жок тутанган жаңжалды аяктоо үчүн реалдуу аракеттерди көрүп жатканын билебиз», — деди Орусиянын лидери.
Ал Тегеранга жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн Москва колунан келгендин баарын жасоого даяр экенин билдирди.
Путин эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгына токтолуп, кол коюлган келишимдин негизинде байланыштар ийгиликтүү өнүгүп, бекемделип жатканын белгиледи.
«Экономикалык чөйрөдөгү процесстерди, албетте, оң деп баалоого болот: өткөн жылы товар жүгүртүү 21 пайыздан ашык өстү. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы жети айында да бул тенденция сакталууда», — деп белгиледи Орусиянын мамлекет башчысы.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Пезешкиандын кеңсесинен билдиришкендей, жолугушууда энергетика, айыл чарба, транспорт жана соода сыяктуу негизги тармактарда экономикалык жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Түркмөнстанда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Орусиянын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.
«Дагы бир жолу сизди туулган күнүңүз менен куттуктагым келет. Сизге ийгиликтерди, ал эми биз үчүн дос өлкө болгон мамлекетиңизге гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деди Пезешкиан.
Пезешкиандын айтымында, Орусия менен Ирандын мамилелери бардык тармактарда өнүгүп жатат.
«Албетте, учурда дээрлик бардык тармактарда өнүгүп жаткан мамилелерибиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода, экономика жана гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарыбыз жогорулап, өнүгүүдө. Учурда баары алдыга жылып жатат. Биз кол койгон стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге ылайык, мамилелерибизди мындан ары да өнүктүрүү үчүн жетиштүү саясий эркибиз бар. Бул тармактардын баары учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере алат», — деди ал.
Ирандын президенти Путиндин бир тараптуу аракеттерге каршы позициясын дайыма билдирип келерине көңүл буруп, Тегеран мындай мамилени жогору баалай турганын баса белгиледи.
«Америка Кошмо Штаттары жүргүзүп жаткан саясат — бул бир тараптуулук. Сиз дүйнө жана биз жашап жаткан аймак көп тараптуулукка карай жылышы керектигин бир нече жолу белгилегенсиз. Биз бир тараптуулуктун жайылышына жол бербешибиз керек. Учурда Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө өз көз карашын таңуулоого аракет кылууда. Өздөрүнүн ички саясатын жүргүзүп жаткан ошол эле саясатчылар аны башка өлкөлөргө да таңуулап, өз талаптарын коюп жатышат. Сиз өз сөздөрүңүздө бир тараптуулукка каршы экениңизди бир нече жолу билдиргенсиз. Биз муну жогору баалайбыз», — деди Пезешкиан.
Ирандын президенти АКШ менен сүйлөшүү процессине байланышкан маселеге да токтолду. Ал сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда АКШ тарабынан чабуулдар жасалганын эске салып, Тегеран диалогдон баш тартпаганын белгиледи.
«Биз сүйлөшүү үстөлүн эч качан таштаган эмеспиз», — деди Пезешкиан.
Анын айтымында, тараптар өз демилгелерин бири-бири менен бөлүшүшкөн. Аларды талкуулоо процесси жыйынтыкталгандан кийин ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарууга мүмкүн болот.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Орусиянын президенти Владимир Путинге Жакынкы Чыгыштагы жаңжал боюнча Москванын позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Аймактагы, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлиндеги позицияңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин жардамыңыздын аркасында алар бизге бир тараптуу мамилени таңуулай алышкан жок. Ушул үчүн сизге жана өлкөңүздүн позициясына ар дайым ыраазыбыз», — деди Пезешкиан.

Белгилей кетсек, Орусия менен Ирандын президенттери Владимир Путин менен Масуд Пезешкиан Түркмөнстанда өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында жолугушту.
Түркмөнстанда 8–9-октябрь күндөрү ири эл аралык саммиттер жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп жатат. 8-октябрь: Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи консультативдик жолугушуусу өттү. 8–9-октябрь: Каспий экологиялык саммити өтүп жатат. 9-октябрь: Түркмөнстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Жыйын Шериктештиктин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналат.

















