Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук актылардын расмий басылмасынын сайтында жайгаштырылган.
2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган келишим орус өкмөтү тарабынан ратификацияга сунушталган. Анын максаты – ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы сооданы либералдаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтуу же жоюу жана экономикалык жана соодалык өз ара аракеттенүүнү колдоо болуп саналат.
Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Владимир Ильичевдин айтымында, келишим өз ара сооданын мындан аркы өсүшүнө өбөлгө түзөт: 2025-жылга карата 1,1 миллиард долларга өсүш күтүлүүдө.
Министрлик ошондой эле бул макулдашуулар “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет деп эсептейт.
Ал белгилегендей, келишимди ишке ашыруу федералдык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Ошол эле учурда Иранга берилүүчү тарифтик преференциялардын көлөмү болжол менен 50 миллион долларды түзөт – алар нарк салыгынан түшкөн кошумча кирешелер менен компенсацияланат, деп билдирет министрлик.
Келишим ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран бардык зарыл болгон ички укуктук жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 60 күндөн кийин күчүнө кирет. Ал ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда 2018-жылдын 17-майында кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу келишимди алмаштырат.

















