Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир катар министрлер жана мамагенттиктердин директорлору алмашты.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттин дагы башка жарлыктары менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул мекемени багшкарып келаткан Кудайберген Базарбаев элеген кызмат ордунан бошотулду.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп келген Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна Касымбеков Алмамбет келди.
Андан тышкары, Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Талантбек Иманов дайындалды. Ал ушул күнгө чейин санарип өнүктүрүү министри болуп турган.
Жаңы жетекчилерди кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу киргизилди.