• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
616 Категория: Политика - Published: 05/10 - 12:38

БИШКЕК, 5-октябрь. — Eurasia Today. Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип жатканын парламенттин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында айтты.

Ал кызматы учурунда көп иштер аткарылганын, атап айтканда, маанилүү мыйзам долбоорлору кабыл алынып, документтер ратификацияланганын белгиледи. 

"Референдум өттү, жаңы Конституция кабыл алынды. Бул, албетте, менин эле эмес, жалпы парламенттин эмгеги. Мен кызматтан кетүү боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Ага жакында парламентте болгон окуя себеп болду. Өз ыктыяры менен каалагандар Баткенге бардык. Мен ошол кезде эле өз арызымды жазып, Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок кесиптештерим айтып, токтотуп калды. Бул менин жеке чечимим. Бүгүндөн тартып төрагалык кызмат бош, мен кызматты тапшырдым. Мени туура түшүнөсүңөр деп ишенем", - деди ал.

Төрагалык кызматка “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев келери болжолдонууда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-8°C Ташкент

Соцсети