• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
769 Категория: Политика - Published: 29/09 - 14:13

БИШКЕК, 29-сентябрь. — Eurasia Today. АКШ Ооганстанда калып кеткен 100дөн ашуун аскердик учагын Тажикстанга өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-сентябрдын жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Эл өкүлү тажик тарап бул аскердик техникаларды өзүн коргоо үчүн эмес, Кыргызстанга каршы колдонот деп тынчсызданып жатканын билдирип, анын алдын алуу керектигин айтты.

“АКШ Ооганстанда калып кеткен аскердик учактарын Тажикстанга берүүнү көздөп жатат деген маалымат түшүүдө. Алардын саны 100дөн ашык. Бул учактарды тажик тарап коргонуу максатында эмес, Кыргызстанга карата агрессия жасоо үчүн колдонорун билебиз. Андыктан бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, дипломатиялык мүнөздөгү алдын алуу иш чараларын көрүү керек. Агрессордун колуна мындай заманбап техникаларды карматууга жол бербөө зарыл. Анын ордун башка техникаларды беришсин”, - деди Айдарбеков.

Айдарбеков өкмөттүн Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Ахунжановичке кайрылып, Кыргызстан коопсуздук тармагында өтө кылдаттык менен саясат алып баруу керектигин, чек арада болгон акыркы окучлар өлкөдө канчалык деңгээлде коопсуздук маселесине көңүл буруу зарыл экенин көрсөткөнүн белгилеп өттү.

“Өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыздоодо өтө кылдаттык менен саясат алып барышыбыз керек. Баткен облусунда болгон окуялар Кыргызстан канчалык деңгээлде коопсуздук маселесине көңүл бурушу зарыл экенин көрсөтүп турат. Кошуна өлкө бизге каршы агрессия жасады”, - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин америкалык Politico басылмасы АКШ Кабулду талиптер басып алгандан кийин ооган аба күчтөрү Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген учактарды учактарын террорчулук менен күрөшүү үчүн жардам катары Тажикстан менен Өзбекстанга бергени жатканын маалымдаган.

Маалыматка караганда, ал учактардын арасында C-208, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчу учактары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
-1°C Дүйшөмбү
 0°C Ашхабад
-13°C Ташкент

Соцсети