• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
735 Категория: Политика - Published: 26/09 - 15:56

БИШКЕК, 26-сентябрь. — Eurasia Today. Президенттик аппараттын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды Тажикстандын өкүлүнүн БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн таркатпоону айтты.

Анткени мындай кадам алардын саясатын дүйнө жүзүнө жайылтууга жана пропагандалоого мүмкүнчүлүк түзүп коюуда. Д. Орунбеков бүгүн, 26-сентябрда Фейсбукта жарыяланган кайрылуусунда мындай деген:

- Тажиктер дагы БУУга барып сүйлөдү, бет тырмачылык кылып, кыргыздар күнөөлү деп. Бирок ал трибунадан биздин Президент далилдер менен бир топ күн мурда дүйнөгө чындыкты жеткирип койгон.

Тажик өкүлүнүн БУУдагы кайрылуусун биздин интернет колдонуучулар орус жана кыргыз тилине которуп биздин аянтчаларга таратып жатасыздар, андай кылбаңыздар.

Себеби, булар дагы жандалбас кылып, өздөрүнүн күнөөсүн бизге оодаргысы келип жатат. Бирок биз далилдер менен көрсөтүп бердик, алар курулай сөз менен кыйкырып жатышат. Тажиктер ички маалыматтык коопсуздугу үчүн соцсеттердин жана маалымат сайттарын жаап алышкан, сырттан окугандарга мүмкүнчүлүктөр аз. Маалыматты ааламга таратууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп алышып, өздөрү менен өздөрү талкуулай беришет.

Андыктан, алардын кайрылуусун сиздер бөлүшүп, таратып, байкабай жардам берип албаңыздар. Мүмкүн болсо таратпоону сунуштайм.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.95
+0.00
EUR
89.72
+0.32
KZT
0.18
0.00
RUB
1.35
+0.12
TJS
8.27
0.00
TMT
24.13
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-7°C Москва
-20°C Астана
-15°C Бишкек
-14°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
-8°C Ташкент

Соцсети